Жардам:Булак редактору аркылуу булактарга шилтеме берүү/2

Википедия дан

Тастыкталгандык
Булактарга шилетеме берүүнүн маанилүүлүгү

Сырткы шилтемелер
Аларды кантип кошуу керек?

Шилтеме үчүн куралдар тилкеси
Оңой шилтеме берүү жолу

Ишенимдүү булактар
Кайсы булактар ишенимдүү жана жакшы?

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Саптар аралык шилтемелер (сырткы шилтемелер) деп, адатта, ушул сыяктуу [1] кичинекей жана номурлуу шилтемелерди айтабыз. Адатта, бул түрдөгү шилтемелер түздөн-түз алар ырастаган фактыдан кийин же алар ырастаган сүйлөмдүн аягында кандайдыр бир тыныш белгилеринен кийин кошулат. Алар окурманды макаланын ылдый жагындагы колдонулган адабияттардын шилтеме бөлүмүнө алып барышат.

Эң кеңири таралган шилтеме стили колдонулган баракты түзөтүүдө, сиз <ref>...</ref> тегдердин ортосунан сап аралык шилтемелерди көрө аласыз.

Эгер сиз жаңы барак түзүп жатсаңыз же буга чейин шилтемелери жок баракка шилтемелерди кошуп жатсаңыз, макаланын аягында төмөндө көрсөтүлгөндөй "Булактар" бөлүмүн кошуңуз:

==Булактар==
{{Булактар тизмеси}}

Эскертүү: Бул сап аралык шилтеме үчүн эң популярдуу система болуп саналат, бирок кээде башка шилтеме стилдерин да макаладан тапса болот. Бул алгылыктуу жана аларды өзгөртүүгө же стилдерди аралаштырып, колдонууга болбойт. Жаңы шилтеме кошуу үчүн, бар болгон шилтемени көчүрүп, түзөтүңүз.

Булактар
  1. Wales, Jimmy (2024). What is an inline citation?. Wikipublisher. p. 6.