Жардам:Булак редакторуна киришүү/1

Википедия дан

Барактарды түзөтүү
Түзөтүү режимин иштетүү

Форматтоо же жасалгалоо
Иретке келтирүү

Вики шилтемелер
Барактарды бири-бири менен байланыштыруу

Түзөтүүлөрүңүздү сактоо
Оңдоп-түзөтүүлөрдү жарыялоо

Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап жаңы барак түзүү

Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу


Мобилдик түзмөктөрдө түзөтүү жөнүндө эскертүү: Көпчүлүк википедиячылар компьютерден түзөтүүнү артык көрүшөт, анткени түзөтүү интерфейси ал жерде жакшы иштейт. Мобилдик түзмөктөрдө түзөтүү жөнүндө эскертүү: Википедиячылардын көбү компьютерден түзөтүүнү артык көрүшөт, анткени ал жерде түзөтүү интерфейси жакшыраак иштейт. Бирок, сиз мобилдик түзмөктөн түзөтө аласыз. Көбүрөөк маалымат үчүн бул баракты караңыз.

Википедияда тексттер булак коду же (викитекст) деп аталган өзүнүн тили менен жазылат жана жасалгаланат. Ал тилдин негиздерин үйрөнүү абдан оңой.

Сиз эки түзөтүү куралынын бирин колдонуу мүмкүнчүлүгүңүз бар; Булак редактору вики коддоону колдонот.

Ошондой эле, альтернатива катары визуалдык редактор деп аталган кошумча түзөтүү интерфейсин колдоно аласыз. Визуалдык редактор салыштырмалуу колдонууга бир аз жеңилирээк, бирок булак редактору кээ бир тапшырмалар үчүн колдонуу натыйжалуураак жана талкуу баракчаларында колдонулчу жалгыз редактор болуп саналат. Башка учурларда оң жактагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй, эки түзөтүү куралынын ортосунда оңой эле биринен-бирине которула аласыз.

Түзөтүү баскычын басуудан коркпоңуз!

Булак редактору аркылуу баракты көрүү жана түзөтүү үчүн ар бир барактын жогору жагындагы Оңдоо же Булагын оңдоо баскычын басыңыз. Бул баскыч сизге кошкуңуз келген текстти терүүгө мүмкүндүк берет. Тексти түзөтүү үчүн булак редакторун колдонуп, жазгыңыз келген текстти киргизүүгө, ошондой эле бул колдонмодо кийинчерээк баяндалган сүрөттөр жана жадыбалдар сыяктуу башка элементтерди кошууга мүмкүндүк берет.

Булак редактору алгач коркунучтуу көрүнүшү мүмкүн (айрыкча булактарга шилтеме берүү), бирок аны түшүнүү жана колдонуу үчүн бир нече гана эрежелер талап кылынат. Бул эрежелер Булак редакторунун жогору жагындагы Жардам  бөлүмүндө тизмеленип берилген жана сиз аларга бат эле көнүп кетесиз! Сиз ар дайым жаңы ыкмаларды жеке баракчаңызда сынап көрө аласыз.









[Категория:Википедиядагы тексттик жардам]]