Жардам:Булак редакторуна киришүү/2

Википедия дан

Барактарды түзөтүү
Түзөтүү режимин иштетүү

Форматтоо же жасалгалоо
Иретке келтирүү

Вики шилтемелер
Барактарды бири-бири менен байланыштыруу

Түзөтүүлөрүңүздү сактоо
Оңдоп-түзөтүүлөрдү жарыялоо

Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап жаңы барак түзүү

Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу


Макалалардын көпчүлүгүндө текстти бир аз эле форматтоо талап кылынат.

Бардык форматтоо тексттин эки жагына символдорду коюу менен ишке ашат. Кодторду кол менен терсеңиз болот же түзөтүү аймагынын жогору жагындагы куралдар тилкеси аркылуу кошсоңуз болот.

Учурда пайда болгон куралдар тилкесинде Кеңейтилген  баскычын басуу аркылуу кошумча куралдарды ачууга болот. Андан соң жаңы абзац баштоо жана аталышын жазуу үчүн Баш сөз  баскычын басып, ачылган тилкеден абзацтын деңгээлин аныктайсыз.

  • 2-деңгээлди таңдоо текстти негизги аталыш катары форматтайт, ар бир баракта эң көп колдонулган деңгээл.
  • 3-деңгээл сизге 2-деңгээлдин бөлүмчөсүн берет, ал эми "4-деңгээл" сизге 3-деңгээлдин бөлүмчөсүн берет жана башка деңгээлдери да ушул сыяктуу ишке ашат.


Куралдар тилкесин колдонбостон аталышты түзүү үчүн = белгилеринин ортосуна текстти коюңуз. Тексттин ар бир тарабындагы = белгилердин саны баш сөздүн деңгээлин көрсөтөт:
==Баш сөз== (2-деңгээл)
===Кошумча сөз башы=== (3-деңгээл)

Текстти куралдар тилкесиндеги Ж жана К баскычтарын колдонуу менен калың же жантык кылып жазса болот.
Куралдар тилкесин колдонбостон калың же жантык түзүү үчүн ' апострофтордун ортосуна текстти коюңуз.
Калың шрифт үчүн ар бир тараптан үчтөн '''калың''',
ал эми жантык үчүн экиден ''жантык'' апостроф коюлат.


Макаланын темасы биринчи жолу айтылганда дайыма калың шрифт менен жазылат, бирок андан кийинки учурларда колдонулбайт. Калың жана курсив менен жазылган текстти кантип жана кайда колдонуу керектиги тууралуу кененирээк көрсөтмөлөрдү окуу үчүн калың жана жантык стиль боюнча нускама бөлүмдөрүнө баш багыңыз.