Жардам:Визуалдык редакторго киришүү/4

Википедия дан

Редакторду ачуу
Түзөтүү режимин кантип активдештирүү керек

Куралдар тилкеси
Сиздин карамагыңыздагы куралдар

Шилтемелер
Барактарды бири-бирине туташтыруу

Өзгөртүүлөрдү жарыялоо
Ушундай кылыңыз

Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап барак түзүү

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу



Визуалдык редактор куралдар тилкесинин скриншоту

Өзгөртүүлөрүңүз купулуңузга толгондон кийин аларды жарыялоого болот. Түзөтүүлөрүңүздү жарыялаганыңызда, алар сиз түзөтүп жаткан википедия барагын дароо өзгөртөт. Эгер түзөтүүлөрүңүздү жокко чыгаргыныз келсе, "Өзгөртүүлөрдү жарыялоо" дегенди баспай эле браузердин терезесин жаап коюңуз.

Түзөтүү бүткөндөн кийин, куралдар тилкесиндеги көк Өзгөртүүлөрдү жарыялоо баскычын басыныз. Бул түзөтүүлөрүңүздү жыйынтыктаган диалог кутучасын ачат. Ал диолог кутучага башка редакторлорго түшүнүктүү болуусу үчүн эмнени өзгөрткөнүңүздү жана эмне үчүн өзгөрткөнүңүз тууралуу кыскача түшүндүрмө жазууңуз керек. Бул башка колдонуучуларга кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына жеңил түшүнүүгө жардам берет.

Эгерде сиз жөн гана орфографиялык катаны же форматтоону өзгөртсөңүз, өзгөртүүңүздү майда өзгөртүү деп белгилөө башка редакторлорго пайдалуу болушу мүмкүн (бул параметр сиз википедияга катталсаныз гана иштейт). Ошондой эле, эгерде сиз барактагы кошумча өзгөрүүлөр жөнүндө кабардар болуп тургуңуз келсе, анда аны Көзөмөл тизмеси кошсоңуз болот (бул параметр сиз википедияга катталсаныз гана иштейт).

Эгерде сиз киргизген өзгөртүүлөрдү текшергиңиз келсе, анда Review your changes баскычын басыңыз. Бул баскыч сиз киргизген маалыматтын баштапкы булак кодун көргөзөт. Ал эми Resume editing баскычы сиз түзөтүп жаткан баракка кайтарат жана ал жерде кошумча өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз. Бардык түзөтүүлөрүңүздү андан соң жарыялай аласыз.