Жардам:Эрежелер жана көрсөтмөлөргө киришүү/4

Википедия дан

Эрежелер жана көрсөтмөлөр
Эмне үчүн түзүлгөн?

Мазмуну
Макалаларды жазуу эрежелери

Жүрүм-турум
Башкалар менен тил табышуу

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Кыскача мазмуну

  • Эрежелервикипедиянын негизги принциптерин аныктайт. Ал эми көрсөтмөлөр болсо эрежелерди кантип колдонуу жана окурмандар үчүн жалпы ырааттуулукту кантип камсыздоо керектиги тууралуу кеңеш берет.
  • Мазмун – макалалар мазмуну боюнча бейтарап болушу керек. Ишенимдүү булактардан гана алынган, тастыкталган жана текшеримдүү маалыматтарды жана пикирлерди гана камтышы керек.
  • Жүрүм-турум – тайманбас жана сылык-сыпаа болуңуз. Кандайдыр бир пикир келишпестиктер же сунуштар жаралган учурларда, макаланын талкуу барагында бир консенсуска келгенге чейин маселелерди сылык-сыпаа талкуулаңыз.

Кененирээк маалымат

Коркпостон түзөтүүнү баштоо үчүн көрсөтмөлөрдүн жана эрежелердин маанисин жетиштүү деңгээлде түшүнүшүңүз керек! Кененирээк маалымат алуу үчүн эрежелер жана көрсөтмөлөр бөлүмүнө баш багыңыз.

Кийинки модулга киришүү үчүн Визуалдык редакторду же Булак редакторун тандаңыз. Визуалдык редактор ачык-айкын, түшүнүктүү түрдө, тексттик процессор сыяктууу иштейт. Тактап айтканда түзөтүүлөр жана өзгөртүүлөр экранда дароо көрүнөт. Ал эми көпчүлүк түзөтүүчүлөр жактырган булак редактору ар тараптуу жана викикодду түздөн-түз түзөтүүгө мүмкүндүк берет.