Жардам:Эрежелер жана көрсөтмөлөргө киришүү/3

Википедия дан

Эрежелер жана көрсөтмөлөр
Эмне үчүн түзүлгөн?

Мазмуну
Макалаларды жазуу эрежелери

Жүрүм-турум
Башкалар менен тил табышуу

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Жүрөктүн формасындагы барактардын үймөгү
Башка редакторлоргоWikiLove көрсөтүү!

Википедияны түзүү – башка салым кошуучулар менен кызматташууга негизделген процесс, андыктан википедиянын тузөтүүчүлөрү (редакторлору) менен иштөөдө эки негизги принцип эске алынышы керек. Алар; тайманбастык жана сылык-сыпаалык.

  • Түзөтүү жасап жатканда эч нерседен тайманбаңыз! Көпчүлүк өзгөртүүлөр энциклопедияны жакшыртат жана каталарды ар дайым оңдоого жана жокко чыгарууга болот. Эгер сиз түзөтүлө турган нерсени көрсөңүз, аны түзөтүңүз жана бир нерсени бузуп алуудан коркпоңуз. Эгерде түзөтүү жакшыртууга багытталган жана башкалар үчүн мааниси бар болсо, анда баары жакшы болуп, өзгөртүү сакталып кала берет. Эгерде андай болбосо, аны башка бирөө калыбына келтирип, түзөтүүлөрдү жасап коёт.
  • Сылык-сыпаалык- башка редакторлор менен мамиле түзүүдө сылык жана ак-ниеттүү болуп, жеке маселелерге эмес, түзөтүүлөрдүн мазмунуна көңүл буруу керек дегенди туюндурат. Демек, башкалардын позицияларын жана корутундуларын четке какпастан, талкуулоого сый-урмат жана кылдаттык менен катышуу талап кылынат. Ак ниеттүүлүк – башка адамдардын да ниети долбоорду өркүндөтүүгө арналган деп эсептейбиз. Эгерде сын же модерация талап кылынса, биз редакторлордун иш-аракеттерин талкуулайбыз, бирок аларды так далилдерсиз зыяндуу себептер үчүн айыптабайбыз.

Түзөтүүчүлөр адатта түзөтүүнү табигый жана мүнөздүү бир иш-аракет катары кабыл алышып, бир консенсуска келишет. Адатта, кимдир бирөө баракка өзгөртүү же толуктоолорду жасайт, андан кийин аны окуган ар бир адам баракты кандай болсо, ошондой калтырууга же өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Түзөтүүлөрүңүздүн жокко чыгарылышы сизди бир аз капа кылышы мүмкүн, бирок таарынбаңыз, анткени бул консенсуска умтулуунун демейки кадамы. Эгерде сизде пикир келишпестиктер же сунуштар болсо, аны макаланын талкуу барагында билдириңиз жана кандайдыр бир консенсуска келгенге чейин өзгөртүүнү сылык түрдө талкуулаңыз. Башка редактордун түзөтүүлөрүн эч качан жокко чыгарбаңыз; бул түзөтүү күрөшү деп аталат жана википедияда ага тыюу салынган. Акыркы чара катары, сиз талаш-тартышты чечүү үчүн жамаат порталына жардам сурап кайрылсаңыз болот.