Жардам:Эрежелер жана көрсөтмөлөргө киришүү/2

Википедия дан

Эрежелер жана көрсөтмөлөр
Эмне үчүн түзүлгөн?

Мазмуну
Макалаларды жазуу эрежелери

Жүрүм-турум
Башкалар менен тил табышуу

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Википедия — бул энциклопедия жана коомчулук дайыма тактыкка умтулат. Макалалар мазмуну боюнча бейтарап жана ишенимдүү булактарда бар болгон текшерилүүчү маалыматты жана пикирлерди гана камтышы керек.

Бейтарап көз караш — бул мазмунда башкалардын фактылары жана белгилүү көз караштары объективдүү көрсөтүлүп, бир жактуу эмес жазылганын билдирет. Жалпы максатты көздөгөн энциклопедияда белгилүү бир көз карашты жактаган макалалар болбошу керек. Нейтралдуу көз карашка умтулуу макалалардын жарнамага же үгүткө айлануусуна жол бербейт.

Текшеримдүүлүк — макалалар абройлуу гезиттер жана илимий журналдар сыяктуу ишенимдүү булактар тарабынан жарыяланган материалдарды гана камтышы керек дегенди билдирет. Бардык маалыматтар алынган булактардын шилтемеси менен берилиши керек. Ал эми талаштуу же суроо жаратышы мүмкүн болгон мазмундагы маалыматтарга сөзсүз түрдө булактын шилтемеси керек болот! Булаксыз материал каалаган убакта алынып салынышы мүмкүн жана ишенимдүү булакка шилтеме берип, андан соң гана материалды кошуу редактордун милдети болуп саналат.

Түпнускасыз изилдөөлөргө орун бербөө — макалаларда мурда жарыяланбаган аргументтер, түшүнүктөр, маалыматтар, пикирлер же теориялар камтылбашы керек дегенди билдирет. Демек, бул тыюу википедия түзөтүүчүлөрүнүн өз талдоосу же синтези макалаларда камтылбашы керек дегенди билдирет. Негизинен, википедияда буга чейин бар болгон жана башка бир жерде жазылган адамдык билимдин, көз караштардын негиздери жазылат.