Жардам:Булак редактору аркылуу жадыбалдарга киришүү/3

Википедия дан

Жадыбалдарга киришүү
Кантип жана эмнеге

Кеңейтилген жадыбалдар
Саптарды жана тилкелерди кошуу

Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу


Учурдагы жадыбалды бир гана кошумча тилке же маалымат саптарын кошуу менен түзөтүүнү каалоо кадыресе көрүнүш.

Сап кошуу

Жадыбалга кошумча сап кошуу үчүн кошумча сап ажырыгын жана башка саптардагыдай эле жаңы уячаларды киргизүү керек.

Иш жүзүндө муну жасоонун эң оңой жолу кодун көчүрүү жана чаптоо аркылуу учурдагы сапты кайталоо. Андан кийин ал көзөнөктөрдүн мазмунун түзөтүү гана калат. Жадыбалдын акыркы саптын астында жадыбал белгисинин |} сакталгандыгын текшериңиз.

Тилке кошуу

Жадыбалга кошумча тилке кошуу үчүн, ар бир катарга бирдей абалда бир кошумча тилке кошуу керек.

Өзгөртүүлөрдү алдын ала көрүү

Түзөтүүлөрүңүздү алдын ала көрүү жадыбалдар үчүн өзгөчө маанилүү, анткени, жадыбалдын жасалгасын кичинекей ката бузуп коет.