Жардам:Калып
Негизги маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калып катары каалаган барак колдонулушу мүмкүн. Мисалы, "Кыргызстан" макаласы. Бирок калыптар үчүн өзүнчө мейкиндик бөлүнгөн ― "калып" мейкиндиги. Демек, алардын аталыштары "Калып:" префиксинен башталат.
Түзөтүү режимине жараша калыпты ар кандай ыкма менен кошсо болот. Вики текстти түзөтүү режиминде калып {{калыптын аталышы}} менен кошулат. Калыптын аталышын баш же кичи тамга менен жазса болот, ал эми боштук астын сызууга барабар (калыптын аталышы = калыптын_аталышы) – айырмасы жок. Кошулуп жаткан калып жок болсо кызыл шилтеме пайда болот: Калып:Калыптын аталышы.
Эксперименттер үчүн жеке мейкиндигиңизде калыпты түзүп, аны колдонуп көрсөңүз болот: {{Колдонуучу:колдонуучунун аты/калыптын аталышы}}. Калыптын таасирин баракты сактабастан көрүү үчүн алдын ала көрүү функциясын (түзөтүү режиминде жеткиликтүү) колдонуңуз. Негизги мейкиндиктин барагын колдонуу үчүн барактын аталышынын алдына кош чекитти кошуу керек, мисалы, {{:Кыргызстан}}.
Калыпта башка калыптарды колдонсо болот.
Баракта колдонулуучу калыптардын тизмесин барактын оң жагындагы "бул барак тууралуу" шилтемеси боюнча өткөндө же вики текстти түзөтүү режиминде көрсө болот.
Параметрлер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калыптын параметрлерин атаса же номерлесе болот. Буга жараша параметрлерди колдонуу синтаксиси эки башка болот.
Аталган параметр: {{калыптын аталышы|1-параметрдин аталышы=1-параметр|2-параметрдин аталышы=2-параметр}}. Калыптын барагында мындай параметрге шилтеме мындай болот: {{{1-параметрдин аталышы}}}, {{{2-параметрдин аталышы}}}.
Номерленген параметр: {{калыптын аталышы|1-параметр|2-параметр}} же {{калыптын аталышы|1=1-параметр|2=2-параметр}}. Калыптын барагында мындай параметрге шилтеме мындай болот: {{{1}}}, {{{2}}}.
Параметр анын аталышын/номерин жазуу менен берилсе (мисалы, 1= же а=), аны каалаган иретте жайгаштырса болот (мисалы, {{калыптын аталышы|2=а|1=а}}). Кошумча же туура эмес параметр этибарга алынбайт. Бир параметр бир нече жолу берилсе, акыркы берилген колдонулат.