Жаремезсай доломит кени

Википедия дан

Жаремезсай доломит кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 3 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1205–1325 м бийиктикте. 1949- жана 1972-жылдары чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы палеозой мезгилинин доломит тектеринен түзүлгөн. Доломит кара металлургия, кээ бир түрү химия, кагаз жана айнек өнөр жайларында колдонулушу мүмкүн. С1 категориясы боюнча запасы 993,4 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]