Жаркулова Жумакан

Википедия дан

Жаркулова Жумакан 1966-жылы 11-ноябрда Сузак районуна караштуу Канжыга айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин чыгармачылык менен алектенет. “Жайлоолор мени чакырат” аттуу китеби жарык көргөн.

Ошондой эле “Кыздар ай 4”, “Кыздар ай 5”, “Акын аалам кыргыздар”, “Алыкул 100” китептерине ырлары чыккан. 2011-жылдан коомдук иштерге активдүү аралашып 2013-жылы “Асыл-Ай” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомун негиздеген. Майып инсандардын билим деңгээлин жогорулатууда ийгиликтерди жараткандыгы үчүн бир нече сыйлыктар менен сыйланган. 2015-жылы Улуу Ата Мекендик Жеңиштин 70 жылдыгына карата майыптар арасында коомго кошкон салымы үчүн, Сузак райондук администрация тарабынан “Матиз” жеңил автоунаасы менен сыйланган.

Кыргыз акын жазуучулар коомунун, “Кыздар ай”, “Балдар ай” чыгармачылык бирикмесинин жана башка бир нече Ардак грамоталар, дипломдордун, Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамынын ээси.

  • 3 кыз 1 уулдун энеси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3