Жаркымбаев, Абдыш

Википедия дан

Жаркымбаев Абдыш (1913, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы — 1986, Бишкек ш.) — мамлекеттик ишмер.

1930-ж. Бишкек соода-чарбалык иштерде, 1937-ж. Каракол шаардык эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинде инструктор.
1937—39-ж. Ош облусунун Совет райондук финансы бөлүмунун башчысы.
1939—43-Ж. Кыргызстан КПнын Совет райкомунда жана Ош обкомунда кадрлар бөлүмунун башчысынын орун басары.
1943-жылдан Кыргызстан КПнын Ош обкомунда мал чарбасы боюнча катчы, 2-катчы, 1945—47-ж. Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы.
1947—50-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепте окуган.
1950—54-ж. Кыргызстан КПнын Талас обкомунун 1-катчысы.
1954-жылдан СССР даярдоо министрлигинде Кыргызстан боюнча жооптуу.
1955-жылдан Бишкек шаардык эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетине төрага.
1959-ж. Бут кийим фирмасында директор.
1961—75-ж. Москва районундагы Крупская атындагы Шарап совхоз комбинатында директор: 1947—59-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты.
Биринчи даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, Кызыл Жылдыз, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.