Жаркымбаев, Казак

Википедия дан

Жаркымбаев Казак (1911, Ысык-Көл району, Таштак айылы — 1969, ошол эле жер) — Советтер Союзунун Баатыры (24.03.1945).

1941-жылдын июлунан Кызыл Армияда.
1944-ж. январдан согушка кирген. 288-гвардиялык аткычтар полкунун (2-Украина фронту, 5-гвардиялык армия, 95-гвардиялык аткычтар армиясы) наводчиги, гвардиянын кенже сержанты.
Жаркымбаев Днестр дарыясын Бугор кыштагынын тушунда (Молдавия, Григопольский район) кечип өтүүдө өзгөчө эрдик көрсөткөн. Расчёттун составында дарыянын батыш жээгине Түп, душмандын контратакасынын мизин кайтарып, 2 станоктуу пулемётту, 2ден ашык гитлерчилердин взводун жок кылган. Плацдарм коргоп калынган. Согуштан кийин бригадир, колхоздун башкармасынын төрагасы, МТСде завхоз болуп иштеген.
Ленин ордени менен сыйланган. Анын аты менен өзү туулуп-өскөн кыштак, мектеп, көчө аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.