Жаркынайым Токтоназар кызы

Википедия дан

Жаркынайым Токтоназар кызы (1802-1868) - Кокон ханы Шералынын аялы, Кудаяр хандын энеси.

Жаркынайым менен Шералынын Сарымсак, Кудаяр, Султанмурат аттуу уулдары болгон. Айрым маалыматтар боюнча Кудаярды Чаткалдын башындагы Хан жайлоодо төрөгөн. Алардын ичинен Кудаяр Кокон хандыгындагы белгилүү хан болуп, хандыкты жалпысынан 25 жыл башкарган. Жаркынайым менен айтылуу Курманжан датка өтө жакшы мамиледе болушкан. Жаркынайым Шералынын эң жакын кеңешчиси да болгон. Ордодо «Хаким айым» атка конуп, өтө таасирлүү инсан болгон.

Ордодогу хан сарайдын короосунда кышы-жайы дайыма ак өргөө тиктирип, ошондо жашаган. Кыргыз төбөлдөрүнүн ордо бийликтерине аралашуусунда, так талашууларда отурукташкан шаар-кыштак калкы менен элеттиктердин мамилесин бекемдөөдө анын ролу чоң.

Кудаяр хан энесин өтө сыйлаганы, ар күнү эртең менен анын ак өргөөсүнө барып учурашып турганы, 1868-ж.энеси өлгөндө үч күн бою ыйлап, сөөгүн мүрзөгө жөө коштоп барып, өз колу менен көмгөнү жазма булактарда айтылат. Ж-дын сөөгү Кокон шаарынын ири көрүстөндөрүнүн бирине коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6