Жарнамага бөлүнчү акча каражат

Википедия дан

Жарнамага бөлүнчү акча каражат - белгилүү бир мезгил аралыгында жарнамага жумшалуучу компаниянын кирешесинин бир бөлүгү.

Жарнамага кетүүчү акча каражат адатта өндүрүштүк жана административдик чыгымдарды, тикелей чыгымдарды жана кирешенин мүмкүн болчу өлчөмүн эсептеп чыккандан кийин жарнамага жумшалчу акча каражаттын көлөмү төмөндөгүлөрдүн негизинде аныкталат:

  • Болжолдонгон сатуунун;
  • Алдыга коюлган максаттарды аткаруунун зарылчылыгынын;
  • Өткөн отчеттук мезгилде сатылган товарлардын санына баа берүүнүн;
  • Атаандаштардын рекламага кетирген чыгымынын;
  • Чечкиндүү чечим кабыл алуунун негизинде.

Акча каражат конкреттүү мезгилге 3, 6, 12 айга же андан көп убакка эсептелген программанын алкагында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9