Жарты тегерек каналчалар

Википедия дан

Жарты тегерек каналчалар (canales semicirculares) - ички кулактын бир бөлүгү, дене менен башты кыймылдатканда жана мейкиндикте өзгөрткөндө теңсалмакты сактоону жөнгө салууга катышат. Көпчүлүк омурткалууларда үч Ж. т. к. (миногада - 2, миксинде - 1), алар бири бирине карама-каршы перпендикулярдык аянтчада орношкон. Ж. т. к. жаргакча келип, ичинде эндолимфа менен толтурулуп сөөктүү же кемирчектүү футлярда (капсулада) жайгашкан. Ж. т. к. сүйрү баштыкча менен байланышып, омурткалуу жаныбарлардын теңсалмакты сактагыч органы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]