Жарчы

Википедия дан

Жарчы - Улуу Октябрь революциясынан мурда Орто Азия элдеринде, анын ичинен кыргыз элинде да хан, бек, болуш сыяктуу жергиликтүү башкаруучулардын буйругун, жардыгын эл кыдырып, чогулган топко жарыялоочу киши. Жарчы аш-той же кыз-оюну башталарда анын тартиби, жүрүшү, көрсөтүлүүчү оюндун түрү, байгеси жөнүндө жарыя кылган. Ошондой эле жок жоготкондо да (мал, буюм жана башка) жарчы атайы эл аралап, жар салган. Жарчы элге адатта ырдап, жамактап, кээде кара сөз менен кайрылган. Кийинчерээк анын милдетин көбүнчө ырчылар аткарып, ошондон улам аш-тойго байланыштуу айтылган жарыя кээде көркөм чыгарма деңгээлине жеткен учурлар болгон. Жарчы өз доорунда карым-катнаш, байланыш жасоодо чоң милдет аткарган. <<Манас>> эпосунда Көкөтөйдүн ашында Ырамандын Ырчы Уулу жарчы болгондугу айтылат:
Көкөтөйдүн көк туусу,
Көтөрүлдү калкылдап,
Ырамандын Ырчы Уулу,
Жар чакырды баркылдап. (<<Манас>>)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5