Жарыкты карай албоо

Википедия дан

Жарыкты карай албоокөздүн күндүзгү же жасалма жарыкты өтө сезгичтиги. Кишинин нормалдуу көрүүсү үчүн жарык күчүнүн белгилүү өлчөмү болуш керек. Эгерде жарык күчүнүн өлчөмү жогоруласа, адам жарыкты карай албай жалтанат, көрүү начарлагандай сезим туулат. Көздүн мындай реакциясы көрүүнүн бузулушу эмес, ошондой эле Жарыкты карай албоого да кошууга болбойт. Кадимки жарыкта эле көз ооруп, жарыкты карай албаса оору болуп эсептелет. Жарыкты карай албоо көздүн ар кандай ооруларынын — конъюнктивит, кератит, иридоциклиттин, көздүн сырткы катмарынын жабыркашынын белгиси болуп эсептелет; кээ бир жугуштуу ооруларда (мисалы, кызылча жана башкада) да байкалат. Ошондуктан Жарыкты карай албоо байкалары менен врачка кайрылуу керек. Ошондой эле дары куюп, каректи чоңойткондо, көздүн түсүн берүүчү катмар тубаса жок болгондо, альбинизмде болушу мүмкүн. Оору кармаганда көз катуу ооруйт, көздүн жапкактары эрксизден жумулуп, жаш агат. Дарылоо негизги ооруну айыктырууга багытталышы керек. Ооруну азайтуу үчүн күндөн сактоочу түрдүү фильтрдүү көз айнектер колдонулат. Өздүк гигиенаны бузбай, түрдүү жугуштуу оорулардан сактануу зарыл.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8