Жарык режими

Википедия дан

Жарык режими - өсүмдүктөрдүн жарыктануу шарттары.

Жарык булагы күн нуру жана электр жарыгы болот. Жарык режиминин өзгөчөлүгү жарык нурунун спектрдик составы, жарыктануу убагы (сутка, жыл мезгили) ж. б. факторлорго байланыштуу.

Кышында күн нурунун интенсивдүүлүгү начар болгондуктан, кай бир өсүмдуктөрдү жасалма жарыктуу, жылытуучу жайларда өстүрүүгө болот.

Жарык режимин түзүүдө жарык нурларынын спектрлеринин физиологиялык касиетин билүү зарыл. Жарыктын көзг көрүнгөн нурларынын 50% ын хлорофиллө жана каротиндер сиңирип, фотосинтез процессине пайдаланып, органикалык заттарды жаратат.

Ультракызгылт көк нурлар фотосинтезге катышпайт, аларды белок жана нуклеин кислотасы сиңирип алат. Инфракызыл нурду өсүмдүктүн составындагы суу жутуп, өсүмдүк жылыйт, анын транспирациясы күчөйт.

Кызыл нурлар өсүмдүктүн өсүмүн, жетилуусун ылдамдатса, көк нурлар мунун теокерисинче таасир кылат. Текши тийген жарык өсүмдүктүн бутагын жайып өсүшүнө, устунен тийген жарык өсүмдүктүн көп бутактабай шодоюп бийик өсүшүнө алып келет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.