Жарык техникасы

Википедия дан

Жарык техникасы - спектрдин оптикалык диапазонундагы нур энергиясын (инфракызыл, көзгө көрүнгөн жана ультракызгылт көк нурланууну) генерациялоо, бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндөгү илим.

Жарык техникасынын көзгө көрүнгөн нурланууну өлчөөчү белугу фотометрия деп, бардык спектрдин оптикалык диапазонундагы (ультракызгылт кок жана инфракызыл нурлануу) нур энергиясын өлчөөчү тармагы радиометрия деп аталат. Нур энергиясы фотоэлемент, болометр, термоэлемент сыяктуу нур кабыл алгычка тийгизген таасири боюнча өлчөнөт.

Нур энергиясын генерациялоочу жана пайдалануучу тармактарга жарык кылуу, жарык сигналы, проекциялоо жана шоолалантуу техникасы кирет. Жарык техникасынын теориялык, эксперименттик жана практикалык жактан иштелип чыккан негизга тармагы - жарык кылуу техникасы.

Көрүү сигналдарын аралыкка берүүчү приборлор да Жарык техникасына тиешелүү. Лроекцпялоо техникасы жарык приборлорун проекция максаты үчүн колдояуу проблемасын иштеп чыгат.

Кинонун өнүгүшүнө байланыштуу Жарык техникасынын жарыкты проекциялоо тармагы толугу менен кинотехнигага өттү. Шоолалантуу техникасы ар түрдүү объектилердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн нурларды шоолалантууга арналган приборлорду пайдаланууга негизделет. Спектрдин оптикалык диапазонундагы нур энергиясы жарык менен дарылоо техникасында пайдаланылып, медицинада, биология илиминде кеңири колдонулуп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.