Фотометрия

Википедия дан

Фотометрия (фото... жана... метрия) - оптикада жарыктын нурлануу, таралуу жана заттар менен өз ара аракеттешүү процесстериндеги оптикалык нурлануунун энергиялык мүнөздөмөлөрү каралуучу бөлүмү.

Фотометрия ультракызгылт көк нурдан инфракызыл нурга чейинки нурлануу процессин, ар кандай чөйрөдө таралышын, жутулушун, чагылышын жана чөйрө менен өз ара аракеттенишин мүнөздөөчү чоңдуктарды, ошондой эле ошол чоңдуктарга таянган теор. жоболорду жана эсептөөлөрдү камтыйт. Фотометриялык чоңдуктардын нурлануунун толкун узундугуна жана спектр тыгыздыктарына болгон көз карандылыгын үйрөнүү спектрофотометрия жана спектрорадиометриянын предмети болот. Фотометрия үчүн фундаменттик жарыктын диффузиялуу чагылуу мыйзамын 1604-ж. И. Кеплер жазып, фр. физик П. Бугер экспериментте негиздеген.

Колдонулган ыкмаларга карата Фотометрия визуалдуу, фотогр., фотоэлектрдик ж. б. болуп бөлүнөт.

Фотометрия жарык техникасында, сигнализацияда, астрономияда, заттардын химиялык анализдеринде, пирометрияда ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4