Жарык чыпкасы

Википедия дан

Жарык чыпкасы (фильтри) - өзү аркылуу өтүүчү нур энергиясынын агымын жана спектрдик составын өзгөртүүчү оптикалык курал.

Заттын өтө эле жука катмарынан жарык өткөндө жутулуунун натыйжасында жарык агымынын чоңдугу жана спектрдик составы өзгөрөт, б. а. жарык чыпкаланат. Мында жарыктын жутулушуна негизделген абсорбциялык Жарык чыпкасы көп колдонулат.

Жарык чыпкасынын жардамы менен төмөнкү процесстер аткарылат:

  • а) кандайдыр бир толкун узундугунан баштап, спектрдин узун толкундуу бөлүгү бүтүндөй жутулат;
  • б) спектрдин кыска толкундуу бөлүгү бүтүндөй жутулат;
  • в) спектрдин белгилүү гана бөлүгү өтүп, анын эки учундагысы жутулат;
  • г) спектрдин чоң же кичине бөлүгү жутулуп, калган бөлүгү чыпка аркылуу өтөт;
  • д) спектрдин бардык бөлүгүндөгү толкундарды бир калыпта начарлатат.

Жарык чыпкасы техниканын түрдүу тармактарында - фотографияда, лаборатория иштеринде, илимий иштерде жана ультра- кызгылт көк нурлардын күчтүү фотохимиялык аракетинен сактоо үчүн коргогуч айнек катары кеңири колдонулат.

Жарык чыпкасы барган сайын көбүроөк колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.