Жарым өткөргүч жана радиоэлектрондук комплекс

Википедия дан

Жарым өткөргүч жана радиоэлектрондук комплекс - Жарым өткөргүч материалдарды жана алардан жасалган буюмдарды чыгаруу боюнча өндүрүш комплексин

Кыргызстанда түзүүнүн башкы багыттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:

I. Жарым өткөргүч материалдар (сырьёлук сектор):

  • поликристалл кремнийин, кварц тигелдерин, трихлорсиланды чыгаруу (ТашКөмүр шаарындагы «Кристалл» Мамлекеттик акционердик коому);
  • монокристалл кремнийин чыгаруу (Орловка поселкасындагы «КХМЗ» Мамлекеттик акционердик коому): а) электрондук сапат; б) күн сапаты.

II. Жарым өткөргүч материалдардан жасалган буюмдар:

  • микроэлектроника үчүн: а) монокристалл кремнийинен жасалган жылмакай жана жалтырак пластиналар («КХМЗ» МАК); б) эпитаксиалдык кремний структуралары (бир катмарлуу жана жашыруун кат-марлуу) («КХМЗ» МАК); в) интегралдык схемалар («КХМЗ» МАК жана жаңы бөлүнүп чыккан ишканалар);
  • элетротехника үчүн: өндүрүшкө багышталган монокристалл кремнийинин пластиналары: а) турмуш-тирчилик радиоэлектрондук аппаратуранын өзгөчө азыктануучу күн батареялары («КХМЗ» МАК); б) токтун күч преобразователдери, күч вентилдери (өткөөлдөрү) (Кажы-Сайдагы ЭТЗ жана Кеминдеги ЭТЗ).

III. Радио жана электротехника буюмдары - телевизорлор, радиокабылдагычтар, видеомагнитофондор, компьютерлер, сааттар, токтун күч жана күн преобразователдери ж. б. Комплекстин курамына иштеп жаткан ишканалар («Жанар» АК, «Ак Марал» АК, «Ала-Тоо» НПО ж.б.), о. э. менчиктин ар кыл формасындагы жаңы, чакан жана орто ишканалардын зарыл кеңири тармагы.

Бул комплекс түз туруктуу кооперациялаштырылган байланыштардын алкагында иштөөгө тийиш.

  • 1. «Кристалл» МАК төмөнкүлөрдү сатып өткөрө алат: Кварц тигелдери - «КХМЗ» МАКына; Россияга, о. э. Борбордук Азия регионунун, Европалык Союздун рынокторунда; Трихлорсиланды - Россиядагы Подольск ХМЗына; «КХМЗ» МАКынын поликристалл кремнийин - Россиядагы «Элма» АКсына; Борбордук Азия регионунун жана Европалык Союздун рынокторунда.
  • 2. «КХМЗ» МАКы төмөнкүлөрдү сатып өткөрө алат: Монокристалл кремнийин - Россиядагы «Элма» АКсына ж. б.:

а) Борбордук Азия регионунун жана Европалык Союздун рынокторунда (кремний пластиналары, ар түрдүү көп катмарлуу структуралар);

б) Россиянын, Борбордук Азия регионунун, Европалык Союздун рынокторунда; в) радиоэлектроөнөр жайынын ишканалары үчүн ички рынокто. «Кристалл» МАКында жана «КХМЗ» МАКында жарым өткөргүч материалдарды гана чыгаруу мүмкүнчүлүгү төмөнкүлөрдү түзөт: кварц тигелдери – 35-40 миң даана, трихлорсилан 3000-5000 тонна, поликристалл кремнийи - 600-700 тонна, монокристалл кремнийи - 120-140 тонна.

Жогоруда баяндалгандарга негизденүү менен бул комплексти келечекте кеңири өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу максатка ылайыктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9