Жарыш туташтыруу

Википедия дан

Жарыш туташтыруу – эки уюлдуу (эки кыскычтуу) элементтерди (электр кабыл алгычтарын) электр тизмегине кыскычтарынын ортосундагы чыңалуу дайыма бирдей болгондой кылып туташтыруу ыкмасы. Чыңалуу дайыма туруктуу болгондуктан, тизмекке туташтырылган бир элементти бириктиргенде же ажыратканда, тизмектин калган элементтеринин иштешине эч кандай таасир тийбейт. Мунун өзү бөлүштүргүч тармакка электр лампаcын, ысытуучу прибор, электр кыймылдаткычтарды туташтырууга мүмкүндүк берет. Электр кыймылдаткыч күчү болбогон элементтерди Жарыш туташтырууда алардагы токтун күчү каршылыктарына тескери пропорциялаш болот. Элементтерди жарыш туташтыруудагы жалпы токтун күчү туташтырылган тарамдагы токтун жалпы суммасына – туруктуу ток үчүн алгоритм суммасына жана өзгөрмө ток үчүн вектордук суммасына барабар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1