Алгоритм

Википедия дан

Алгоритм (арап тилинде эмгектер жазган борбордук азиялык окумуштуу ал-Хорезминин ысымынан) – тийешелүү математикалык жана башка тапшырмаларды толук чечүү үчүн тапшырма аткаруучунун аракеттеринин тартибин (ыраатын жана жолун) сыпаттаган эрежелердин (көрсөтмөлөрдүн) так жыйындысы.

Мурда “алгоритмдин” маанисин ачууда “тартип” сөзүнүн ордуна “ыраат” деген сөз көбүрөөк колдонулчу, бирок компютерлерде параллел аткарылчу иш-аракеттер арбыган сайын иш-аракеттеги ыраат эле эмес, параллелдүүлүк да чагылдырылышы үчүн “тартип” сөзү көбүрөөк колдонулуп калды.прпроор


"Алгоритм" сөзүнүн теги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус жана кирилл жазмасындагы адабиятта “алгоритм” сөзү эски убакта “алгорифм” деген түрдө колдонулган (th тыбышы т эмес, ф түрүндө берилген). Кийинчерээк ал “алгоритм” болуп өзгөргөн.

«Алгоритм» термининин аныктамасы тууралуу 20-кылымдын 30-50-жылдары Түринг, Пост, Чөрч, Н.Винер, А.А.Марков жана башка аалымдар өз жоромолдорун жазышкан.

Жогоруда айтылгандай, «алгоритм» сөзү арапча «ал-» артикли менен «Хорезмдик» (Хорезми, б.а. خوارزمی‎) сөзүнүн жалгашуусунун натыйжасында пайда болгон «ал-Хорезми» ныспасынын орто кылымдардагы латынча берилишинен улам келип чыккан.

Борбордук азиялык чыгаан математик окумуштуу Абу Абдулла Мухаммед ибн Муса ал-Хорезми тээ 825-жылы «Китаб ал-жабр ва-л-мукабала» («Кошуу жана алуу тууралуу китеп») деген илимий эмгегин жазган. Анда алгебрага таандык эрежэелер камтылгандыктан, бул китептин аталышынан («ал-жабр») кийинчерээк бүтүндөй бир математикалык илимий тармак «алгебра» деп аталып калган.

Бул окумуштуу байыркы индиялыктар ачкан «нөл» деген санды мусулман цивилизациясына тааныштыртган, мусулмандардан «нөл» түшүнүгү европалыктарга өткөн. Ал-Хорезми «нөлдү» арапча «ас-сыфр», б.а. «жок», «эчтеке» деп атаган, бул сөздөн улам европалыктарда «цифра» сөзү келип чыккан.

Бул окумуштуунун өзүнүн ныспасынан улам «алгоритм» сөзү келип чыкканын илимде кийинчерэээк гана аныкташты.

Ал-Хорезминин «Китаб ал-жабр ва-л-мукабала» чыгармасы 12-кылымдын биринчи жарымында латынчага которулуп, Algoritmi de numero Indorum («Индиялык эсеп тууралуу алгоритмдер») деген наам менен белгилүү болгон. Демек, эмгектин так аталышы «Ал-Хорезми индиялык ондук эсептөө системасы тууралуу» делип аңдалышы керек болчу.

Ал-Хорезминин бул математикалык чыгармасы жалпы «мусулман кайра жаралуусунун» таасириндеги ири мейкиндикте кеңири таркалган.

Жусуп Баласагын жана алгебра[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Түндүк Кыргызстандагы Токмок шаарынын жанында жайгашкан тарыхый Баласагун шаарынан (анын орду – Бурана шаар чалдыбары катары маалым) чыккан окумуштуу, философ, акын жана насаатчы Жусуп Баласагын да өзүнүн 1069-70-жылы караханийлик орток түрк тилинде жазылган «Кут билим» («Кутадгу билиг») поэзиялык чыгармасында теңдеме чыгаруу зарылдыгы жана «алгебра» («ал-жабр») китеби тууралуу эскере кетет.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дональд Кнут. Искусство программирования, том 1. Основные алгоритмы (The Art of Computer Programming, vol.1. Fundamental Algorithms). – Москва, Изд-во Вильямс, 2006. – Издание 3-е. – 720 страниц. – ISBN 0-201-89683-4.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]