Жастин Тимберлейк
| Жастин Тимберлейк 2007-жылы | |
| Негизги маалымат | |
|---|---|
| Төрөлгөндөгү ысымы |
Жастин Рэндалл Тимберлейк |
| Туулган датасы |
31-январь 1981-жыл |
| Туулган жери | |
| Өлкө | |
| Кесиптери |
ырчы ,актер, композитор , продюсер, бийчи |
| Жанрлары |
Поп-музыка, поп-рок |
| Активдүү жылдары |
2002 — азыркы учурда |
| Автографы | |
| https://www.justintimberlake.com/ | |
Жастин Рэндалл Тимберлейк (англ. Justin Randall Timberlake; 31 январь 1981, Мемфис шаары, Теннесси штаты) - америкалык поп-музыкант, актёр, композитор жана продюсер катары белгилүү. Жастин — эки Эмми сыйлыгын жана алты Гремми сыйлыгынын ээси. 1990-жылдардын АКШдагы NSYNC тобунун мүчөсү катары алгачкы жолу дүйнөгө атагы чыккан.
2002-жылы анын биринчи жеке альбому «Justified» (aтaлгaн) жарык көрүп, дүйнө жүзүндө 7 миллиондой нуска сатылган. Альбомго "Cry Me a River" (Көз жaшыңды төк) жана "Rock Your Body" (Денеңди кыймылдaт) аттуу хит ырлар кирген. Тимберлейктин экинчи жеке-альбому «FutureSex/LoveSounds» (Мaхaбaт үнү) болсо 2006-жылы чыккан. Анын ичиндеги «SexyBack», «My Love» жана «What Goes Around... Comes Around», деген ийгиликтүү синглдар АКШда № 1 хит ырларга айланган.
Жастиндин кумирлери - Майкл Жексон менен Элтон Жон.
