Жаттоо

Википедия дан

Жаттообилим берүү процессиндеги окуу материалын эске тутуп калуунун жана аны бышыктоонун бир түрү.

Ал материалды кайра-кайра кайталоо аркылуу ишке ашат. Жаттоо ырларды, грамматикалык эрежелерди, кошуунун жана көбөйтүүнүн жадыбалдарын үйрөнүүдө колдонулат. Жаттоо окуучунун активдүү иш-аракетинен, алган билимин пайдалануу процессинде жүргүзүлүүсү ылайык. Ошондо гана окуу материалы өзүнөн-өзү эсте калат.

Ал эми түшүнбөстөн куру Жаттоо эске тутуу процессиндеги натыйжасыз бир иш катары каралат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,