Жашыл балырлар

Википедия дан
Жашыл балырлар.
Pediastrum duplex.

Жашыл балырлар (лат. Chlorophyta) - балырлардын ичинен эң кеңири таркалган, 20 миңден ашык түрлөрдү кармайт. Алардын жашыл түстүү болушу хлорофиллге байланыштуу, ал башка пигменттерге (каротин, лютеин жана ксантофилл) басымдуулук кылат. Айрым өкүлдөрдө же алардын өөрчүү стадиясында жашыл, кызыл түс берүүчү гематохром менен боёлот. Ж. б-дын клеткалары бир жана көп ядролуу. Айрымдары жылыңач, көпчүлүгү целлюлоза жана пектин заттарынан турган чел кабыктуу. Запас азык заттары, негизинен крахмал, аз сандаган майлар да бар.

Ж. б. морфол. түзүлүшү боюнча башка балырларга караганда көп түрдүү. Алар бир клеткалуу, колониялуу, ценобиялуу, көп клеткалуу жана алар морфол. дифференциациянын бардык баскычтарында байкалат: монаддык, коккоиддик, пальмеоиддик, жип түрүндө, пластинка жана сифондук түзүлүштөрдө. Алар кичинекей микроскоптук көлөмдөн (1-2 мкм), макроскоптук ондогон см уз-тарда болушат. Ж. б-дын көбөйүүсү вегетативдик, жыныссыз жана жынысташуу жолдору менен жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр сыяктуу буларда да муун алмашуу процесси жүрөт (жыныстык, жыныссыз). Көпчүлүк өкүлдөргө көбөйүүнүн өзгөчө тиби – коньюгация байкалат.

Ж. б. Жер шарынын – бардык бөлүктөрүндө таркалган. Көпчүлүгү тузсуз, туздуу (деңиз суулары) сууларда, ошондой эле топуракта, эпифиттик жана симбионттук формаларда кездешет. Морфол. дифференциациясы, көбөйүү жөндөмдүүлүктөрүнө карай жашыл балырлар 5 класска бөлүнөт: вольвокстар (Volvocophyceae), хлорококктор (Chlorococcophyceae), улотрикстер (Ulothrichophyceae), сифондор (Siphonophyceae), коньюгаттар (Conjugtophyceae). Аталган класстардын өкүлдөрү Кыргызстандын сууларында көп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]