Жашынмак

Википедия дан

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

  • Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи белгиленген жерде (мара) көздөрүн жумуп, дубалга же даракка сүйөнүп 40—50 чейин үн чыгарып санайт. Санап жаткан маалда калгандары жашырынып бүтүшү керек. Оюн жетекчиси оюндарды санап бүтүп, ачып жашынган оюнчулардын бирөөсүн же бир канчасын тапса, ал табылган оюнчулардын аттарын катуу кыйкырып айтып марага алардан мурда жүгүрүп келүүгө тийиш. Табылган оюнчулар да жетекчиден мурда жүгүрүп марага келүүгө аракеттенишет. Эгерде марага оюн жетекчисинен мурда жүгүрүп келип колдору менен марага тийсе, кармалган оюнчулардын санына кошулбай, оюндун аякташын күтүшөт. Эгерде оюн жетекчисинен марага кийин келишсе кармалган оюнчуларын санына кошулушат. Оюнчулардын баары кармалып бүткөндөн кийин, биринчи кармалганы жетекчинин ролун аткарып оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Кармалбаганы жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Житмей ойноо. Оюнга эки оюн жетекчиси шайланат, оюн караңгы убакытта өткөрүлөт. Оюнчулар экиден: бир кыз, бир жигит болуп жашынышат.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи оюнчулар жашыныша баштаганда шыкаалап кароого, бир биринин жашынган жерин жетекчиге айтып коюуга, тоскоолдук кылууга, кармалгандарды кайрадан оюнга кийрүүгө болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот. Оюн башталардан мурда өткөрүлүүчү жерди белгилөө керек.
Оюндун тарбиялык мааниси. Ылдамдык тартипти сактоого, чындыкка, максатка жетүүгө бир нерсеге көңүл салууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]