Жашыруун мезгил

Википедия дан

Жашыруун мезгил - инкубациялык мезгил – денеге жугуштуу оорунун козгогучу киргенден баштап, дарттын алгачкы белгиси билингенге чейинки убакыт. Ар түрдүү оорунун Жашыруун мезгилинин узактыгы ар башка (бир нече ай, жыл). Ошондой эле анын мөөнөтү микробдун санына, күчүнө, организмдин каршылык көрсөтүүсүнө, инфекциянын кирүү жолуна байланыштуу өзгөрөт. Кээ бир жугуштуу ооруларда (кызылча, кептөөр жана башка) бул мезгилде айлана-чөйрөгө козгогучтарды бөлүп чыгарып, коркунучтуу. Айрым жугуштуу оорулардын козгогучу Жашыруун мезгилдин аягында бөлүнүп чыгат. Ар бир оорунун Жашыруун мезгилинин өзгөчөлүгүн билүү чоң мааниге ээ. Анын узактыгына жараша оорулуу менен бирге болгон кишини бөлүү жана карантиндин мөөнөтү аныкталат, эпидемияга каршы башка чаралар көрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1