Жаш Гегелчилер

Википедия дан

Жаш Гегелчилер же солгегелчилер – гегелчил философиялык мектептин радикалдуу канаты. Алардын Гегелдин философиясын интерпретациялашы жана христианчылыкка сыны ошол мезгилдеги немис шарты үчүн буржуазиялык-демократтык ойду жана жалпы эле саясий кызыкчылыкты ойготуунун өзгөчө бир формасы болгон.

Солгегелчилердин теориясы диндин моделине коомдук аң-сезимдин социалдык структура (идеология) катары анализдөөнүн эң алгачкы аракети катары кызыктуу. Алардын көңүл борборунда коом жөнүндө жалган түшүнүк кандайча пайда болуп, мажбурлоочу күчкө айланаары тууралуу маселе турган. Жаш гегелдин идеалисттик окуусунун сынчыл анализи алардын коомдук аң-сезимди талдоосунун чектелгендигин көрсөттү жана материалдуу коомдук мамилелерди изилдеп, андан коомдун рухий жашоосун келтирип чыгаруу зарылчылыгын айкындады. Бул маселени белгилүү бир деңгээлде Фейербах туйган. Бирок аны 19-кылымдындын 40-жылдары жаш гегелчилер кыймылына катышышкан, коомдук өнүгүүнү кардиналдуу жаңыча түшүнүүгө – тарыхый материализмге келген К. Маркс менен Ф. Энгельс чечишти.

Жаш Гегелдиндин буржуазиялык радикалисттик алсыздыгы тарыхтагы эл массасынын ролун төмөндөтүүдөн айгинеленди. Бул анархизмди таратуучуларынын бири болгон Штирнердин эмгектеринен көрүндү. Жаш гегелчилер таптардын күрөшү, коомдун өнүгүшүнүн объективдүү мыйзамдары, экономикалык мамилелердин коомдук турмуштагы ролу жөнүндө ойлошпогон. Алар Германиянын өнүгүшүн тарткынчактаткан үстөмчүл таптардын дарегине либералдуу гана коркунуч келтирген революциячыл фразеология менен чектелишкен.

Эл Жаш гегелди прогресстин жана «рухтун душманы» иретинде карашкан, тарыхтын кыймылдаткыч күчү «сынчыл ой жүгүрткөн инсан» деп эсептешкен. Жаш гегелдин идеясын Маркс жана Энгельс «Ыйык үй-бүлө» жана «Немецтик идеология» деген эмгектеринде сындаган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]