Жаңыл Түмөнбаева
Жаңыл Түмөнбаева (1945) - советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX-XI чакырылыштагы депутаты (1975-1989)[1], Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри (1989-1991). I класстагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи (1990).
Бала чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаңыл Түмөнбаева 1945-жылы 20-февралда Чүй облусунун Панфилов айылында туулган. Үрүмбү менен Түмөнбайдын жети баласынын төртүнчүсү болгон. Бул үй-бүлө райондо чоң кадыр-баркка ээ болуп, республикадан ар кандай делегациялар, сыйлуу коноктор келгенде, Түмөнбаевдердин меймандос боз үйүндө тамактанганы салтка айланып калган эле[1]. Жаңыл Түмөнбаева Панфиловдогу №1 орус тилдүү орто мектепте окуган. Мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы текстиль институтуна тапшырган.
Эмгек жана партия жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаңыл Түмөнбаева 1969-жылы Москвадагы текстиль институтун бүтүргөн. 1983-жылы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн. 1969-1971-жылдары Фрунзедеги камволдук-кездеме комбинатында инженер-технолог, технология бөлүмүнүн инженери, комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген. 1972-жылы КПССтин мүчөсү болгон. 1971-1975-жылдары Фрунзе шаардык комитетинин катчысы, Кыргыз ССР комсомолунун Борбордук Комитетинин катчысы болгон. 1975-жылдан 1981-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун катчысы болгон. Ошондой эле Кыргызстан Компартиясынын текшерүү комиссиясынын төрайымы да болуп иштеген, 1981-1989-жылдары биринчи катчы болгон. 1989-жылы Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп дайындалып, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, бул кызматта 1991-жылга чейин турган.1991-1992-жылдары Чүй облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, ал эми 1992-жылы Чүй облустук кеңешинин төрайымы болгон. 1996-1999-жылдары Чүй-Токмок мамлекеттик администрациясынын жана Токмок шаардык администрациясынын башчысы болгон. 2000-жылы Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары болуп дайындалган. 2001-2002-жылдары – Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары болгон. 2002-жылдын 27-августунда кызматтан кеткен. 2002-жылдын 4-сентябрында Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалган.
Коомдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1993-жылы “Элдик каада-салттарды, үрп-адаттарды жана маданияттарды өнүктүрүү боюнча аялдар лигасы” өкмөттүк эмес уюмун уюштуруп, аны жетектеп, коомдук башталышта президенти болгон. Анын жетекчилиги астында 1996-жылы долбоор иштелип чыгып, эл аралык ХИВОС уюмунун колдоосу менен Борбор Азияда биринчи жолу “Үмүт” кризистик-психологиялык борбору түзүлгөн. Үй-бүлөлүк жана башка зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдар үчүн ачылган бул башпаанек үмүтүн үзүп, жашоодо ордун жоготкон ондогон аялдын өмүрүн сактап калган. Бул борбордо 1900дөн ашуун аял убактылуу баш калкалоочу жай тапкан. Алай менен Түптөн, Таластан жана Ак-Талаадан, Ноокенден жана Баткенден, Ош менен Жалал-Абаддан, Нарындан жана Бишкектен келген аялдар бул жерден баш паанек жана колдоо таап, жатакана, тамак-аш менен камсыздалып, юристтердин жана психологдордун, гинекологдордун жана башка адистердин консультацияларын алып турушкан. Кийинчерээк бул демилге жайылтылып, бардык облустарда аялдар үчүн кризистик борборлор ачылган. Жаңыл Түмөнбаева жарандык коомду түзүү өнүккөн мамлекеттин компоненттеринин бири деп эсептеп, көптөгөн бейөкмөт уюмдарды ачууга жана өнүктүрүүгө салым кошкон.
Көптөгөн бейөкмөт уюмдарга Сорос, Интербилим, Финка, ЮСАИД өңдүү эл аралык уюмдар жана фонддор жардам беришкен[1].
“Ишкердикке жана соодага техникалык тоскоолдуктарды азайтуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча бөлүмдүн директору болуп иштейт.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү. Жолдошу Жантай Орозбаев инженер-автомеханик болчу, ал жаш кезинде дүйнө салган. Жаңыл Түмөнбаева үч кыздын энеси. Үчөө тең чет өлкөдө билим алганы менен, Кыргызстанга кайтып келишкен[2].
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ж.Түмөнбаева – Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин отличниги, Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, үчүнчү класстагы Мамлекеттик кеңешчи чени бар. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бектурганова Кульбюбю Арыковна. Дочери земли кыргызской, Б.: «Бийиктик», 2007. — С. 122-134 ISBN 978 — 9967 — 13 — 319 — 8
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бакыт Орунбеков. Жаңыл Түмөнбаева: «Бир күндө коммунист болгом»
Алмаз Батилов. Жаңыл Түмөнбаева: кыргыз кереметин Казы Дикамбаев менен Сакин Бегматова түптөгөн