Жаңы-Акман
Көрүнүш
| Отурукташкан жай
Жаңы-Акман
| |||||||||||||||
Жаңы-Акман (кырг. Жаңы-Акман) — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округунун борбору. Кыштак 1956-жылы негизделген.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2023-жылга карата айылдын калкынын саны — 3774 киши[1]. Калкы негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Башталгыч мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ашкана жана башка иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган[2].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Базар-Коргон суу сактагычына жакын, деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 55 км.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоо. stat.gov.kg. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2025.
- ↑ Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.