Жаңы-Базар (Ноокат району)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Жаңы-Базар
Жаңы-Базар
|
Жаңы-Базар (кырг. Жаңы-Базар) — Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Н. Исанов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1380 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 14 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 54 км. Кыштак 1800-жылы негизделген. Калкы 1631 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто жана негизги мектептер, кесиптик-тех. окуу жайы, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана, поликлиника бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.[1]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.