Жаңы-Жер мөңгүсү
Көрүнүш
Жаңы-Жер мөңгүсү – Ички Теңир-Тоодогу Жаңыжер кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,0 км, аянты 4,5 км2. Атбашы суусунун сол курамы – Жаңыжердин төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4780 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4280 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Тартылып бараткандыгы байкалат. Мөңгүдөн Жаңыжер суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|