Жаңы жылдык балаты

Википедия дан

Жаңы жылдык балаты — Жаңы жыл майрамына арналып, атайын жасалгаланган чыныгы же символикалуу дарак. СССР учурунда Рождестволук балатыга альтернатива катары Жаңы жылдык балаты ойлоп табылган жана ошондон тарта постсоветтик өлкөлөрдө салт болуп келе жатат. Бул салт Түркияда, Японияда жана Вьетнамда да бар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балатынын пайда болушу жөнүндө уламыш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балаты байыркы элдердин көбүндө магиялык мааниси бар дарак катары кабыл алынчу. Буга мунун арча сыяктуу ар дайым жашыл болуп туруусу себеп болгон. Эң көп жашаган жана чоң балатыда кудайча жашайт деп эсептешкен. Ошондуктан ага курманчылык чалып, бутактарга этти илип турушкан. Мисалы, «кельттер» деген эл балатыны токой ээсинин турак-жайы деп эсептешкен. Алардын ишенимдеринде «Түндүктүн аксакалы» деген кудайча ызгаар сууктун жана бурганак шамаалдын ээси болгондуктан, эгер бир жыл ичинде эл ага курманчылыкты аз берип койгон болсо, ал мүшөгү менен үймө-үй кыдырып чогултуп алат деп ишенишкен. Ал кирип кеткен үйдө тоңуп калган өлүктөр гана калат дешкен. Токойдун ээси алардан адамдын жана жаныбардын этин сурап талап кылат деп ишенишчү. Ошондуктан бакшылар (друиддер) бул коркунучтан улам балатыга боор, бөйрөк, жүрөк, ичеги сыяктуу ж.б. адамдын жана айбанаттын ички органдарын илип турушкан. Кийин Европага христиан дини орногондо, чиркөө кызматкерлери элдин балатыга эт илүүсүнө тыюу салышкан. Бирок, европалыктар эттин ордуна жыгачтан жасалган тоголок шарларды жана ичегинин ордуна кездеме же кагаздан узунунан жасалган гирляндаларды иле башташкан.

Орусияда пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1840-жылга чейин хансарайдагы балаты коюу салтын эске албаганда, Орусия империясынын калкында үйгө рождестволук балаты коюу салты болгон эмес. 1840-жылдан баштап орустар немистерди туурап, балаты кооздоо атаандаштыгы башталган. 1852-жылы Екатерингоф бекетинде биринчи жолу расмий балаты уюштурулган. Совет бийлиги жаңы орногондо христиандардын диний майрамына байланыштуу болгон рождестволук балаты жасоого тыюу салынган. Бирок, кийин 1936-жылы атеисттик жаңы жылдык балаты коюу салты ойлоп табылып, жарандарга жайылтылган. Ошондон тарта постсоветтик өлкөлөрдө, алардын ичинде Кыргызстанда да Жаңы жалдык балаты коюу салты сакталып келет.

Шилетмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]