Жез сульфиддери
Жез сульфиддери — жез менен күкүрт бирикмелери: Сu2S, СuS. Бир валенттүү жез сульфиди Сu2S — халькозин (жез жалтырагы) минералы түрүндө кездешет. Аны абада ысытканда СuО, СuSО4 жана О2 пайда болот. Сууда жана суюлтулган к-таларда, аммиак эритмелеринде эрибейт. Ысытылган азот кислотасында күкүрттү бөлүп чыгаруу менен эрийт. Кычкыл чөйрөдө үч валенттүү темир туздарынын, жез хлоридинин жана цианиди эритмесинде жакшы эрийт. Эки валенттүү жез сульфиди СuS — ковеллин минералы. 450°С жогорку темп-рада күкүрт жана Сu2S ажырайт, ысытуудан СuО чейин оңой окистенет. Н2S нейтралдуу же начар кычкыл чөйрөдө жез туздарынын эритмеси аркылуу өткөргөндө кара түстөгү чөкмө СuS пайда болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|