Жейн Остин

Википедия дан
Жейн Остин (1810-ж).

Жейн Остин (англ. Jane Austen; /ˈdʒeɪn ˈɒstɪn/; 1775-жылы 16-декабрда туулуп - 1817-жылы 18-июлда каза болгон) - англиялык жазуучу болгон. Ал 18-кылымдын аягында Британиядагы дворяндык режимди сынга алып, ою менен бөлүшүп жана түшүндүрмө берген эң башкы алты романы менен таанымал. Остиндин чыгармаларынын көпчүлүгү турмуштагы аялдардын коомдогу абалын жана каржылык коопсуздугун жакшыртууну көздөгөндүгүн сүрөттөйт. Анын чыгармалары 18-кылымдын жарымындагы романдардын сезимталдуулугун жана адабияттын 19-кылымга өтүүсүн сынга алган.

Остиндин "Сезим жана сезимталдуулук" (англ. Sense and Sensibility, 1811), "Намыс жана сокур ишеним" (англ. Pride and Prejudice, 1813), "Менсфилд паркы" (англ. Mansfield Park, 1814) жана "Эмма" (англ. Emma, 1815) романдары чыккандан кийин, ал китептери жарык көргөн жазуучу катары таанылган. Ошондой эле ал "Нортенгер кечилканасы" (англ. Northanger Abbey) жана "Ишендирүү" (англ. Persuasion) романдарын жазган, бирок алар Остин 1818-жылы каза болгондон кийин жарык көргөн. Бул романдардан кийин ал "Сандитон" (англ. Sanditon) романын баштаган, тилекке каршы аны бүтпөй көз жумган. Остиндин чыгармалары кээде гана сатылып бүтүп турган. Анын китептери анонимдүү түрдө жарык көрсө да, Остиндин көзү бар кезде бир аз жылдызы жана алган.

1833-жылы анын чыгармалары Ричард Бентлинин романдар топтомунда кайрадан жарык көрүп, Фердинанд Пикериң иллюстрациялап том катары сатылгандан кийин, Остиндин чыгармаларына экинчи жашоого ээ болгон. Алар калың журт тарабынан көптөгөн мактоолорго арзып, Остиндин китептерин окуучулардын саны өскөн. Остиндин каза болгондугуна элүү эки жыл болгондон кийин, 1869-жылы анын жээни "Жейн Остиндин биографиясы" (англ. A Memoir of Jane Austen) аттуу китепти чыгарган. Анда Остиндин жазуучулук кесиби жана кызыкдар коомчулукка анын тынч жашоосу менен тааныштырган.

Остин көптөгөн сындаган эсселердин жана антологиялардын жазылышына дем-күч берген. Анын чыгармалары көптөгөн тасмалардын тартылышына себепкер болгон . Мисалы, "Намыс жана сокур ишенимден" баштап (1940), акыркы жылдардагы "Сезим жана сезимталдуулук" (1995) жана "Сүйүү жана достук" (англ. Love and friendship, 2016) романдарына негизделип тартылган тасмалар.

Жейн Остиндин иронияны, ошондой эле чындыкты жана коомчулукка билдирген ойлору ага улуу жана тарыхый атактуулукту алып келген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]