Эмма

Википедия дан
Эмма.

"Эмма" (англ. Emma) - Жейн Остиндин романы, анда жаш айымдын текебердиги жана жаңылышуулары баяндалат. Роман биринчи жолу 1815-жылдын декабрында басылып чыккан. Остин романында регенттик Англия заманында тарбия көргөн аялдардын түйүндүү маселелерин жана кыйынчылыктарын чагылдырат, аны менен кошо, ал жандуу жана күлкүлүү образдуу каармандарды жаратат.

Чыгарманы жаза баштаарынын астында, Остин мындай деп жазган: "Менден башка эч кимдин көңүлүнө жакын боло албаган каарманды жаратканы жатам". Романдын биринчи сүйлөмүндө, ал башкы каарманын окурмандарга мындай тааныштырат: "Эмма Вудхауз - сулуу, акылдуу жана бай". Эмма - эрке, өжөр жана менсинген жаш айым, ал элдерди бири-бири менен тааныштыра алуу жөндөмдүүлүгүн ашыраа баалап, башка адамдардын жеке турмушуна кийлигишүүнүн натыйжасы коркунучтуу болоорун сезбейт, анткени Эмманын ойлору өзүн өзү адаштырат.

Бул роман бир нече тасма, телевизиондук программалага жана сахналык чыгармаларга адаптацияланган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]