Жейсон Стейтем

Википедия дан

Жейсон Стейтем (англ. Jason Statham;1967-жылдын 26-июлунда туулган) - англиялык актер, мурдагы модель жана дасыккан сууга чумкуучу.

Актер Гай Ричи тарткан "Карта, акча жана эки мылтык" (англ. Lock, Stock and Two Smoking Barrels, 1998), "Чоң олжо" (англ. Snatch, 2000), жана "Револвер" (англ. Revolver, 2005) криминалдык тасмаларындагы ролдору менен белгилүү болгон. Ж. Стейтем "Ташуучу" (англ. Transporter, 2002–2008) "Италиялыкча карактоо" (The Italian Job, 2003) деген криминалдык боевик тасмаларында, "Адреналин"(англ. Crank, 2006), "Согуш" (англ. War, 2007) деген уруш тасмаларында, "Өлүмгө тете жарыш" (англ. Death Race, 2008) фантастикалык тасмасында, "Банкты тоноо" (англ. The Bank Job, 2008) криминалдык триллеринде, "Ээ-жаа бербегендер"(англ. The Expendables, 2010–14) боевик тасмасынде роль жараткан. Актер "Форсаж 6" (англ. Fast & Furious 6) , "Форсаж 7" (англ. Furious 7) жана "Форсаж 8" (англ. The Fate of the Furious) тасмаларында дагы ойногон. Жейсон Стейтемдин өзүнүн күрөшүү ыкмасы жана трюктары бар жана терс каармандарды ойноодо өзүнүн стилин тапкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]