Жеке чектер
Инсандын жеке чектери же чектерди аныктоо иш-аракети - бул 1980-жылдардын ортосунан бери Батышта өзүнө-өзү жардам берүү боюнча китептердин авторлору жана колдоо көрсөтүүчү топтор тарабынан элге таанытылган турмуштук көндүм. Жеке чектерди аныктоо же белгилөө бул адамдын инсандар аралык мамилелерге болгон реакциясын өзгөртүү, башка адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүп, анын жеке чектерине ылайык келүүсүн күтүү эмес. Мисалы, эгерде жеке чектердин максаты кайсы бир адам менен катышпоо болсо, анда ал ошол адам менен көрүшпөө же байланышпоо чечими менен чекти белгилейт жана ал адам күтүлбөгөн жерден келип калса, ошол адам катыша турган иш-чараларга чакырууларды сылыктык менен четке кагып, бөлмөдөн сылыктык менен чыгып кетүү менен чегин бекемдейт. Мындай жол аркылуу, жеке чек башка адамдардын жардамын талап кылбай эле сакталат.
Жеке чекти аныктоо ультиматум коюудан айырмаланат; ультиматум - бул башка адамдардын тандоосун өзгөртүп, алардын жүрүм-туруму чектерди белгилеген адамдын жеке артыкчылыктарына жана баалуулуктарына дал келиши керек деген талап[1].
“Чек” термини бул метафора, анда чектин-ичинде алгылыктуу дегенди билдирсе, чектен-тышкары кабыл алынбаган дегенди билдирет[1]. Чектердин концепциясы кеңеш берүүчү кесиптердин арасында кеңири жайылган[2].
Колдонуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул турмуштук көндүм, өзгөчө, адамдарды көзөмөлдөөчү же өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти албаган чөйрөлөрдө колдонулат[3].
Сереп
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чектерди аныктоо - бул жеке баалуулуктарды сактоонун жана аларды бузуудан коргоонун жолу катары ачык баарлашуу жана ырастоо практикасы. Жеке чектерди башкаруунун үч маанилүү аспектиси[1]:
- Баалуулуктарды аныктоо: Саламаттуу мамиле - бул эки “көз карандысыз” адамдын “өз ара көз каранды” мамилеси. Психологиялык абалы туруктуу адамдар мамиленин мүнөзүнө (негизги же көз карандысыз баалуулуктарга) карабастан, алар өз ара сыйлаган жана коргогон баалуулуктарды орнотушу керек. Психологиялык абалы туруктуу адамдар башкалар менен байланышуу жана кызматташуу аракетинде сүйлөшүп, ылайыкташа турган баалуулуктарга ээ болушу керек (өз ара көз каранды баалуулуктар).
- Чектерди ырастоо: Бул моделде адамдар вербалдык жана вербалдык эмес байланышты колдонуп, ниеттерин, жактыргандарын ырасташат жана өзөктүк же көз карандысыз баалуулуктарына карата чектен ашпаган жана чектен ашкан мамиле деген эмне экендигин аныкташат[4]. Баалуулуктарды жана чектерди ырастоодо өз ара байланыш учурдагы, ылайыктуу, так, бекем, коргоочу, ийкемдүү, кабыл алуучу жана кызматташтык өңүттө болушу керек[5].
- Урматтоо жана коргоо: Жашоодогу маанилүү тандоо кылуу керек болгондо же башкаларды башкарган адамдар же өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти албаган адамдар менен бетме-бет келгенде же алар менен каршылашканда жеке баалуулуктарга ылайык чечим кабыл алуу[1]. Дисфункционалдык мамиледе, бир адамдын жеке чектерин сыйлоо көпчүлүк учурда чектен ашкан адамдар тарабынан жагымсыз жана ыңгайсыздык жарата турган жооп айтууларды пайда кылат. Алар жактырбоо, уялтуу, таарынтуу, мамилени өзгөртпөө үчүн кысым көрсөтүү же эски адаттагы жүрүм-турум үлгүлөрүн калыбына келтирүү үчүн иштелип чыккан ар кандай жүрүм-турум менен жооп бериши мүмкүн.
Саламаттуу баалуулуктарга жана чектерге ээ болуу – бул жашоо образы, мамилелердеги талаш-тартыштарды тез арада чечүү эмес.
Баалуулуктар жашоодо чыгарган корутундулардын, ишенимдердин, пикирлердин, мамилелердин, өткөн тажрыйбалардын жана социалдык үйрөнүүнүн айкалышуусунан түзүлөт.[6] Жак Лакан баалуулуктарды иерархиялык катмарга бөлүү керек деп эсептейт, алар эң примитивдүүдөн эң өнүккөнгө чейинки "адамдын биологиялык жана социалдык абалынын бардык катмарларын" чагылдырат.[7]
Жеке баалуулуктар жана чектер эки багытта иштейт, бул адамдардын ортосундагы келген жана чыккан өз ара аракеттенүүгө таасир этет. Булар кээде "коргоо" жана "кармоо" функциялары деп аталат[8].
Колдонуу чөйрөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Баалуулуктардын жана чектердин эң көп белгиленген үч категориясы төмөнкүлөр:[9][3]
- Физикалык – Тийүүлөр, физикалык жакындык;
- Менталдык – Ойлор жана пикирлер;
- Эмоционалдык – Сезимдер; эмоционалдык жакындык.
Кээ бир авторлор бул тизмени кошумча же өзгөчө категориялар менен кеңейтишкен, мисалы: руханият, чындык, жана убакыт/пунктуалдуулук[8].
Эрктүүлүк деңгээли
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Нина Браун жеке чектердин төрт түрүн сунуш кылган[10]:
- Жумшак – Чектери жумшак болгон адам башка адамдардын чектерине жуурулуп кетет. Чектери жумшак адам оңой эле психологиялык манипуляциянын курмандыгы болот.
- Тешикчелүү - Чектери тешикчелүү болгон адам жумшак жана катуу чектеринин айкалышына окшош. Алар жумшак чектери бар адамдарга караганда эмоционалдык жугуштуулукка азыраак жол берет, бирок чектери катуу адамдарга караганда көбүрөөк жол берет, эмнеге уруксат берип, эмнеден сактануу керектигин билишпейт.
- Катуу – Чектери катуу болгон адам жабык же өзүн дубал менен курчап алган, ошондуктан ага эч ким физикалык же эмоционалдык жактан жакындай албайт. Бул көбүнчө кимдир бирөө физикалык, эмоционалдык, психологиялык же сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон учурда болот. Психологиялык катуу чектер убакытка, жерге же жагдайга жараша тандалма болушу мүмкүн жана адатта ушул сыяктуу кырдаалда мурунку жаман тажрыйбага негизделет.
- Ийкемдүү – Чектери тешикчелүү болгон адамга окшош, бирок өзүн көбүрөөк көзөмөлдөй алат. Андай адам эмнеге уруксат берип эмнеден сактанууну өзү чечет, эмоционалдык жугуштуулукка жана психологиялык манипуляцияга туруштук бере алат жана мындай адамды пайдалануу кыйын.
Жеке чектерди аныктоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ошондой эле жеке чектерди куруунун эки негизги жолу бар:[6]
- Бир тараптуу чектер - Бир адам, башкалардын колдоп же колдобогонуна карабастан, мамилеге кандайдыр бир стандарт коюуну чечет. Мисалы, бир адам эч качан жактырбаган тема жөнүндө сөз кылбоону, ошондой эле, бөлмөдөн чыгып кетүүнү, сүйлөшүп жатып телефонду коюп салууну же башка адамдар ошол тема жөнүндө сөз кылса, жазгандарына жооп бербей аларды өчүрүп салууну адатка айлантууну чечиши мүмкүн.
- Биргелешип иштелип чыккан чектер – Өз ара мамиле түзгөн топтогу ар бир адам белгилүү бир стандартты сактоо керек дегенге тымызын же ачык түрдө кошулат. Мисалы, топ каалабаган теманы талкуулабоону чечиши мүмкүн, андан кийин топтун бардык мүчөлөрү теманы жекече козгоодон качышат жана кимдир бирөө сөз кыла турган болсо, теманы өзгөртүү үчүн биргелешип иштешет.
Жеке чектерди талашка салган жагдайлар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Коомдук таасирлер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фрейд адамдын бирдиктүү, тез кыймылдаган көп элдин арасында жүргөндө аң-сезимдүү чектердин жоголушун сүрөттөгөн[11].
Дээрлик бир кылымдан кийин Стивен Пинкер коомдук тажрыйбада жеке чектерди жоготуу темасын көтөрүп, мындай окуялар ачкачылык, коркуу же оору сыяктуу катуу жалпы сыноолордон улам пайда болушу мүмкүн экендигин жана мындай ыкмалар салттуу түрдө башталыш ырым-жырымдарында лиминалдык шарттарды түзүү үчүн колдонулганын белгиледи. Юнг муну коллективдүү аң-сезимге иденттүүлүгүн (өздүгүн) сиңирүү деп сыпаттаган[12].
Күчтөр тең эмес болгон мамиле
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ошондой эле саясий жана социалдык күчтүн тең эмес мамилелери маданий чектерди белгилөө мүмкүнчүлүктөрүнө жана жалпысынан адамдардын жашоо сапатына таасир этет[13]. Жеке мамилелердеги, анын ичинде кордук көрсөтүүчү мамилелердеги тең эмес күч жеке адамдарга чектерди белгилөөнү кыйындатышы мүмкүн.
Дисфункционалдык үй-бүлөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ашыкча талап койгон ата-энелер. Дисфункционалдык үй-бүлөдө бала өзүнүкү эмес, тескерисинче ата-энесинин муктаждыктарына жана сезимдерине ылайык жашоого үйрөнөт[14].
- Ашыкча талап койгон балдар. Ата-эне болуу - бул белгилүү бир өлчөмдө өзүн-өзү курмандыкка чалуу жана баланын муктаждыктарына жогорку артыкчылык берүү. Бирок ата-энесинин камкордугу же курмандыгы ден соолукка зыяндуу же кыйратуучу деңгээлге жетсе, ата-эне баласына бирдей көз каранды болуп кала алат[15].
- Бири-бирине көз каранды мамилелер. Бири-бирине көз каранды болуу көбүнчө башкалардын муктаждыктарына өтө эле көңүл буруп, өз муктаждыктарына азыраак маани берүүнү билдирет. Бири-бирине көз каранды болуу мамилелердин бардык түрлөрүндө, анын ичинде үй-бүлөдө, жумушта, достукта, ошондой эле романтикалык, курдаштар ортосундагы же коомдук мамилелерде болушу мүмкүн[15].
Саламаттуу мамилелер адамдын жеке чектери менен аныкталган эмоционалдык мейкиндикке көз каранды болсо[16], бири-бирине көз каранды адамдар мындай чектерди белгилөөдө кыйынчылыктарга туш болушат, ошондуктан чектерди натыйжалуу аныктоо жана коргоо алар үчүн психикалык ден-соолукту калыбына келтирүүнүн маанилүү бөлүгү болушу мүмкүн[17].
Бири-бирине көз каранды мамиледе, көз каранды болгон адамдын максатка умтулгандыгы өнөктөшүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өтө чоң курмандыктарга барууга негизделген. Бири-бирине көз каранды болгон мамилелер адамдын көзүн карап калууга алып келет, ал жерде бир адам өзүн-өзү камсыз кыла албайт же автономияга ээ эмес. Бир адам экинчи адамдан же эки тарап тең бири бирине көз каранды болот. Адатта, башка адамдын жашоосун биринчи орунга коюунун аң — сезимсиз себеби бар б.а., өзүн-өзү баалоо башка адамдардын жактыруусуна көз каранды болот деген жаңылыш түшүнүктөн улам келип чыгат.
- Үй - бүлөдөгү психикалык оорулар. Кээ бир психикалык өзгөчүлүктөрү болгон адамдар көзөмөлдөөчү жүрүм-турумга жакын болушат, анын ичинде обсессивдүү-компульсивдүү бузулуу, параноидалык инсандык бузулуу, чек аралык инсандык бузулуу жана нарциссисттик инсандык бузулуу, көңүл буруунун жетишсиздиги бузулуусу, жана биполярдык бузулуунун маниялык абалы бар адамдар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 1.2 1.3 Johnson, R. Skip. "Setting Boundaries and Setting Limits". BPDFamily.com.. Текшерилген күнү Чын курандын 11, 2023.
- ↑ G. B. and J. S. Lundberg (2000), I Don't Have to Make Everything All Better (англ.) 13 бет. ISBN 978-0-670-88485-8
- ↑ 3.0 3.1 John Townsend, Henry Cloud (1992). Boundaries: When to Say Yes, How to Say No to Take Control of Your Life (англ.) Nashville: Harper Collins Christian Publishing. 245 бет. ISBN 9780310585909.
- ↑ Richmond PhD, Raymond Lloyd. "Boundaries". A Guide to Psychology and its Practice. Текшерилген күнү Чын курандын 11, 2023.
- ↑ Whitfield, Charles L. (2010). Boundaries and Relationships: Knowing, Protecting and Enjoying the Self (англ.) HCI Books. p. 121. ISBN 978-1558742598.
- ↑ 6.0 6.1 Graham, Michael C. (2014). Facts of Life: ten issues of contentment (англ.) Outskirts Press. ISBN 978-1-4787-2259-5.
- ↑ Lacan, Jacques (1997). Ecrits (PDF) (in англ.). W.W. Norton and Company. p. 111.
- ↑ 8.0 8.1 Anne, Katherine (2000). Where to Draw the Line: How to Set Healthy Boundaries Every Day. New York : Somon & Schuster.
- ↑ Whitfield, Charles L. (2010). Boundaries and Relationships: Knowing, Protecting and Enjoying the Self (англ.) HCI Books. ISBN 978-1-55874-259-8.
- ↑ Brown, Nina W. (2006). Coping With Infuriating, Mean, Critical People – The Destructive Narcissistic Pattern. ISBN 978-0-275-98984-2.
- ↑ Freud, Sigmund. "Le Bon's Description of the Group Mind". Archived 2021-01-08 at the Wayback Machine Civilization, Society and Religion (англ.): 98–109 бет. Текшерилген күн: 11.04.2023.
- ↑ Jung, Carl Gustav (1968). Man and His Symbols Archived 2023-04-23 at the Wayback Machine (англ.). Dell. p. 123. ISBN 978-0-440-35183-2.
- ↑ Baillie, Colin P. T. (2012). "Power Relations and its Influence in the Sphere of Globalization since World War II". Journal of Anthropology. 20 (1).
- ↑ Lancer, Darlene (2014). Conquering Shame and Codependency: 8 Steps to Freeing the True You (англ.) Minnesota: Hazelden. 63–65 бет. ISBN 978-1-61649-533-6.
- ↑ 15.0 15.1 coda.org. "Patterns and Characteristics of Codependence" Co-Dependents Anonymous (англ) Текшерилген күн: 04.11.2023.
- ↑ Casement, Patrick (1990). Further Learning from the Patient: The Analytic Space and Process. London. 160 бет.
- ↑ Weinhold, Barry; Weinhold, Janae (28 January 2008). Breaking Free of the Co-Dependency Trap (Second ed.). Novato: New World Library. pp. 192, 198. ISBN 978-1-57731-614-5.