Желаргы акиташ кени

Википедия дан

Желаргы акиташ кени Чүй облусунун Кемин районунда, Быстровка т. ж. бекетинен 20 км түштүк–чыгыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2300–2400 м бийиктикте. 1932-ж. табылып, 1947-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун акиташ теги, сланец жана аларды жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Пайдалуу катмар кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналдык бүктөлүштүн сол канатындагы акиташ тектеринен турат. Кара күрөң түстө, калыңдыгы 105 мге чейин. Химиялык курамы боюнча эки түргө бөлүнөт. Биринчиси кальций кычкылына бай, кошундусуз таза. Дубалдарды актоочу аки алууга жарамдуу. Экинчиси арасында чопо кездешкен акиташ теги. Андан дубал бетин кооздоп каптоочу такталар, цемент сырьесун алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 806 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]