Желдейбоз

Википедия дан

Желдейбоз"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Көз-камандардын бири. Кыргыздар чабылганда сүрүлүп кетип калмак болуп калган. Түбү кыргыз. Манастын аталаш туугандарынан. Манасты өлтүрүп келгиле деп Эсенкан атайын тапшырма менен жибергенде Ж. да тогуз уулу менен келген. Манаска алдап уу беришкенден кийин, Акаярды орго салып, Манастын ордосун талап алып, кытайга кайра качып баратышкан Көзкамандар Амбал тоону этектеп өргүп жатышканда кароолдо турган Ж. Бакай баштаган Манастын кырк чоросу аркасынан кууп жеткенин Көзкаманга кабарлайт. "Көзкамандар окуясынын" башында Чаңдуу аяк деген ат менен айтылып, Манаска уу беришкенден баштап Ж. делет ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 189 — 210; Курама варианты, 1. 267—292). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардын ичинде мындай ысымдагысы жок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4