Желдетүү

Википедия дан
Соруп алучу желдетүү

Желдетүү — имараттардагы, турак жайлардагы абанын алмашуусун жөнгө салуу. Имаратта киши көбөйгөн сайын абанын сапаты начарлайт. Дем чыгарганда бөлүнгөн көмүр кычкыл газынан тышкары абада зат алмашуунун башка продуктулары (аммиак, күкүрттүү суутек, индол жана башка), бактериялар топтолот. Андан тышкары абанын температурасы жана нымдуулугу жогорулайт. Ошондой эле турак жай жана имараттарда турмуш-тиричилик аракеттеринен (тамак даярдоо, кир жуу ушул сыяктуу суу буулары жана башка газдар пайда болот. Абанын составынын бузулушунан адамдын абалы начарлап, организмдеги жылуулукту жөнгө салуу жана жүрөк иши, дем алуу бузулат. Ошондуктан имарат, турак жайдагы булганч абаны таза аба менен алмаштырып, желдетип туруу зарыл. Табигый шартта сырттагы жана үйдөгү абанын температурасынын айырмасына, шамалдын багытына, ылдамдыгына жараша форточканын, терезелердин, тамдын жылчыктары аркылуу аба кирип турат. Бирок абанын мындай алмашуусу жетишсиз. Ошондуктан форточка, эшик, терезелерди ачып желдетүү керек. Суук мезгилинде киши жок кезде желдетүү талапка ылайык. Турак жайларды желдетип, абаны тазартуу менен түрдүү инфекциялык оорулардын (грипп, кызылча, скарлатина) алдын алууга болот. Жасалма жол менен абаны алмаштыруу атайын желдеткичтердин жардамы менен жүргүзүлөт. Бул максатта чоң имараттарга, мекемелерге атайын кондиционерлер орнотулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8