Желди-Суу туз кени

Википедия дан

Желди-Суу туз кени Чүй облусунун Кант районунда, Бишкек шаарынан 250 км түштүк–чыгыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегиндеги Желдисуу жана Норус сууларынын алабында, деңиз деңгээлинен 900–1600 м бийиктикте. Жергиликтүү -элге илгертен белгилүү, геол. чалгындоо иштери 1945 жана 1955-жылдары жүргүзүлгөн. Кен аймагында палеоген менен неогендин чөкмө тектери жатат. Туздуу катмарлар көгүш боз түстөгү туздуу чопо, мергель жана чополуу гипстен түзүлүп, брахиантикиналдын борборунан орун алган. Алардын калыңдыгы 500 мден ашык. Туз негизинен мираббилит менен галиттен туруп, калыңдыгы ондогон мге чейинки линза, кабат, уя түрүндө жатат. Запасы 89 миң т. 1935-ж. казып алып, малга берилген. Эл медицинасынын республикалык борбору тузду бронхиалдык астманы дарылоого пайдаланат. 1995-ж. 2 миң т казып алынган. 1996-жылга карата калган запасы 87 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]