Желе курт оорусу

Википедия дан

Желе курт оорусу эпизоотиялык лимфангоит (Limphangoitis epizootica) - жугуштуу ылаң.

Бул ылаңга көбүнчө жылкы, эшек жана качыр чалдыгат. Желе курт оорусуна чалдыккан малдын териси жана анын астындагы лимфа тамырлары, лимфа бездерида сезгенет. Ылаң негизинен создугуп өтөт. Бул ылаңга чалдыккан малдын терисине буурчактай бүдүрчөлөр чыгып, бара-бара чоңоюп жарыла баштайт да, саргыч, коюу ириң агат. Мындай майда шишиктер чоңоюп отуруп теринин астына, лимфа тамырларына жана бездерине жайылып, бири бири менен туташып, желеленип турат.

Булар жарылганда ачык жаралар жана жарааттар пайда болот. Ылаң чыккан жерге карантин коюлуп, ылаңдаган малды негизинен хирургиялык ык менен дарылайт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.