Ылаң

Википедия дан

Ылаң, мал ыландары - мал организминин тиричилик функциясынын бузулушу.

Ал сырткы чөйрөнүн зыяндуу (физикалык, химиялык, биологиялык ж. б.) таасиринен же өөрчүүнүн кемтигинин кесепетинен пайда болот. Ылаң организмдин функцияларын бузгандыктан, аны физиологиялык жана морфологиялык жактан ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар кылат. Пайда болуу себебине жараша жугуштуу жана жугушсуз Ылаң деп айырмаланат. Жугушсуз Ылаң малдын бир түрүнөн экинчи түрүнө жукпайт. Ылаң бүт организмге таасир этет, бирок белгилүү бир органдын же системанын өзгөрүшүнөн гана билинет. Ошондуктан жугушсуз ички Ылаңдар шарттуу түрдө тоют синирүү, дем алуу органдарынын, жүрөк-кан тамыр, нерв, зат алмашуу ж. б. системалардын Ылаңрына бөлүнөт. Тоют сиңирүү органдардын Ылаңдары (гастрит, энтерит, тимпания ж. б.) сапатсыз тоют берүү, ашыкча тоюттандыруу, булганыч суу менен сугаруу ж. б. учурда пайда болот. Дем алуу органдарынын Ылаңдарына (бронхит, плеврит, ринит ж. б.) малдын суукка урунушу, чаң сарайларда кармоо, сарайлардын начар желдетилиши ж, б. түрткү болот. Теринин механикалык жарааттанышы, сынык, туяктын бузулушу ж. б. тышкы органдардын Ылаңдары да жугушсуз Ылаң болуп эсептелет. Жугуштуу Ылаңдар соо малга ылаңдуу малдан жугат, ошондой эле курт-кумурска, тейлөө буюмдары ж. б. аркылуу таралат. Мындай Ылаң инфекциялуу жана инвазиялуу болуп айырмаланат. Инфекциялуу Ылаңдарга куйдургу, селейме, листериоз, пастереллёз, бруцеллёз, шарп, чечек ж. б. Ал эми инвазиялуу Ылаңдарга фасцеллиоз, дикроцелиоз, эхинококкоз ж. б. кирет. Аларды курткумурскалар таратат. Бул Ылаңдар кишиге да жугушу мүмкүн. Ылаң мал чарбасына чоң зыян келтирет. Мал Ылаңдарын алдын алуу, дарылоо ж. б. иштер вет. мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4