Мазмунга өтүү

Эхинококкоз

Википедия дан
Жашоо мерчими

Эхинококкоз (лат. Echinococcosis) — боордо, өпкөдө жана башкалар органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору.
Эхинококкоз менен негизинен кишилер жана үй айбандары ооруйт. Эхинококк ит, мышык, бөрү, чөө, түлкү жана башкалар жаныбарлардын ичегисинде мителик кылып, мите ичегиде өсүп жетилет да, анын денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт, тегерегиндеги чөп, бакча, буюмдарды жана башкалар булгайт. Көп жумурткалары ылаңдуу иттин жүнүнө жабышып жашайт. Алар абдан чыдамдуу келип, айлана-чөйрөдө бир нече айга чейин сакталат да, адамга жана малга оору пайда кылуу коркунучун туудурат. Көбүнчө балдар ит менен ойногондо, митени жугузуп алышат. Оору мындан сырткары ылаңдуу койдун жүнүн кыркканда, митенин жумурткалары менен булганган тамак-ашты жегенде жугат. Тамак менен кирген мите жумурткалары ичегиден канга, кан аркылуу боор, өпкөгө, мээге жана башкалар өтүп личинкага айланат. Ал акырындык менен өсүп, андан ыйлаакчага айланат. Ыйлаакчалар жайгашкан органдар жабыркап, алардын көлөмү, функциясы өзгөрүлүп, оору пайда болот. Ит эхинококкоз менен ылаңдаган малдын өпкө-боорун жегенден кийин ылаңдайт. Ичегидеги мителер өсүп, 55—60 күндүн ичинде кадимкидей жетилген жумурткалуу митеге айланат. Жумурткаларын айлана-чөйрөгө бөлүп чыгаруу менен адамдарга жана малга эхинококкозду жугузат, башка айтканда ылаңдуу иттен (бөлүп чыгарган митенин жумурткалары аркылуу) адамдарга жана малга, ал эми малдан итке өтүп, ит менен малдын ортосунда эхинококкоз цикли айланып жүрөт.

Эхинококк.

Эхинококкоздун белгилери алардын жайгашкан жерине, көлөмүнө, санына жана башкалар жараша болот. Боордун эхинококк ыйлаакчасы акырындык менен өскөндүктөн көпкө чейин кишилер өзүнүн оору экенин сезбей жүрө беришет. Ыйлаакча чоңойгон кезде гана боорду чоңойтуп жиберет. Ушул мезгилде оң кабырганын, чемирчектин алды ооруйт. Боор чоңоюп, айрым убакта киндикке, андан ылдый түшүп кетиши мүмкүн. Кээде ыйлаакча боордун ылдыйкы капталында жайгашкан мезгилде, ичтеги шишик колго урунушу мүмкүн. Ушул мезгилде оорулуунун тамакка табити тартпай, алсырап, арыктап кетиши ыктымал. Боор эхинококкозун башка оорулардан айырмалап билүү өтө зарыл. Кээде эхинококк ыйлаакчасынын өт жолдорун кысуусунан оорулуу саргарып кетиши да мүмкүн. Айрым убактарда эхинококк ыйлаакчасына микробдун кирип кетишинен ал ириңдейт. Мындай учурда оорунун абалы начарлап, дене ууланат, оорулуунун температурасы көтөрүлөт. Өз убагында операция жасабаса эхинококк ыйлаакчасы жарылып, өлүм коркунучу туулат. Мында ич өтө катуу, кол тийгизбей ооруйт, көңүдү караңгылап, өңдөн азат.
Эхинококк ыйлаакчалары боордо эле өспөстөн, кээде бир эле убакытта өпкөдө, көк боордо, ичегилерде, карында жана башкалар болушу мүмкүн. Өпкөнүн эхинококкозунда эхинококк ыйлаакчасы боордукунан тез өсөт. Бир-эки жылдын ичинде эле чоңоюп кетет. Өпкө эхинококкозунда алгачкы убакта анчейин деле белгиси байкалбайт. Кээде анча-мынча жөтөл болушу мүмкүн. Ыйлаакча чоңойгон сайын өпкөнү кысып, оорулуу жөтөлөт, кээде кан аралаш какырат. Оорулуунун дем алуусу начарлап басканда, оор жумуш аткарганда демигет. Ыйлаакча жайгашкан өпкөдө оору пайда болот. Жаш балдардын денесинин температурасы көтөрүлүп, жөтөлөт, ынтыгат. Өпкө эхинококкозу өтө чоңоюп кеткен убакта өпкөнү иштен чыгарып, оорулуунун ал-абалын начарлатат. Ал кабылдоолору менен да коркунучтуу. Дарылоодо жалгыз гана хирургиялык ыкма колдонулат.

Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларды багууда ветеринариялык эрежелерди туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмп салуу сунуш кылынат.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8