Желмаян

Википедия дан

Желмаян — төөнүн күлүгү. "Манас" эпосундагы зооморфтук образдардын бири. Байыркы кыргыздарда төө урмат-сыйга ээ. Илгери ал ботологондо сүйүнчүлөп, жентек беришчү. Аны адам сыяктуу эле ботосу өлсө же жоголсо кайгы тартууга, ал эмес жоктоого да жөндөмдүү деп эсептешкен. Казактарда да ак төө ыйык деп эсептелет. Аны аябай бир кубанычтуу учурларда курмандыкка чалышкан. Эки элдин диний ишениминен орун алган жогоркудай жалпы көз караштар алардын көркөм ойлоосунда окшош мотивдерди жараткан. Дегеле кыргыз фольклорунда Ж-дын образы аңыз-уламыштан баштап, "Манас" эпопеясына чейин орун алган. Манас өлгөндө Ж. "Аза күтүп, ээй, от жебей, Армандуу болуп ээй, суу ичпей" ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 223), чөгүп, "адам сыяктуу кайгы-муңга батат. Семетей эр жетип элине келе жатканда алдынан тосуп чыгат жана аны ал курмандыкка чалганда: "Караса көзгө илинбейт, Кайда экени билинбейт... Жерге тамган каны жок, Желмаяны дагы жок" ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 548-инв., 154-б.), кайып болуп жоголуп кетет. Эпос боюнча Ж. жөнөкөй эле төө эмес, аны Манаска Шай ата (Шаймерден) кайыптын элинен алып келгенин айтып тапшырат. Айрым этнографиялык маалыматтарга караганда кыргыздар кээ бир касиеттерин адамга окшоштурушкан, ага арнап ар түрдүү ырым-жырымдарды иштешкен. Ошондуктан мындай түшүнүктөр качандыр бир убактарда төө кыргыздарда (түркмөндөр сыяктуу) тотем болгондугун айгинелейт. Касиеттүү эсептелип, сыйынуунун объектилеринен болгон жер-суу, тоо-таш, булак ээлери да ак тайлак делип, төөгө байланыштырылгандыгынан да тотемдин калдыгын көрүүгө болот. Ж. кайып болуп кеткенден кийин бейшемби, жума күндөрүндө Манастын күмбөзүнө келип тургандыгы айтылат. Демек, эпостун негизги варианттарында баяндалган Ждын образы Манастын күмбөзүнүн колдоочу ээси катары элес берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4