Желпиниш

Википедия дан

Желпиништопоним. Эпосто күн батыш тагы жердин түгөнгөн чеги, бүтүшү:

Жер урунту Желпиниш

Ага кирип кетерсиң.

Канаты бардан жин жүрөт,

Кайраты бардан пил жүрөт

Андан бөлөк ким жүрөт? (Сагымбай Орозбаков, 3. 93)— делип, жин-пери дөө сыяктуу жомоктук жандыктын жери катары сүрөттөлөт. Ж. барган жанды аман койбогон бороон-чапкын, шамалдын мекени, же түшкөн адам кайра чыга албаган туңгуюк маанисинде да айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. жетимурук деген мифтик элдин мекендеген жери, мифтик өлкө. "Жердин түбү Желпиништи жердеген Жаман элдин ээсине, Жарманас деген дөөсүнө" Манас карындашы Кардыгачты күйөөгө берет ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 259—279).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4